![]() № 26 2015-жылдын 25-февралында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 11-февралындагы № 14 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2015-жылдын 25-февралында өткөрүлдү. Түп аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 25-февралында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын. 1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 1.2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Конурбаева Дамира Алымкуловна табылсын. 2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 20-марты
№ 26
2015-жылдын 20-мартында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1099) |