ЗАКОНОДАТЕЛЬСТВО

ПРОТИВОДЕЙСТВИЕ КОРРУПЦИИ

ОБУЧЕНИЕ

ИЗБИРАТЕЛИ

ИЗБИРАТЕЛЬНЫЕ КОМИССИИ

ПОЛИТИЧЕСКИЕ ПАРТИИ

КАНДИДАТЫ

НАБЛЮДАТЕЛИ

СМИ

ВЫБОРЫ

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЫ

ВЫДВИЖЕНИЕ В УИК

КОНКУРСЫ

ОБРАТНАЯ СВЯЗЬ

 
Главная - № 272 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу
Центральная избирательная комиссия

№ 272 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 5 шайлоо участканы камтыган 1 бирдиктүү шайлоо округ түзүлгөн.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37,40,56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын  22-декабрындагы Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

2.   Бул токтомдун көчүрмөсү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына жана Шопоков шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 26-декабры

№ 272

Просмотров: (1946)