МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 27 2017-жылдын 20, 23, 24, 25, 26, 27 и 28 - январында өткөн айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4 токтому менен дайындалган Талас облусунун Манас районунун Май, Арал, Кыргызстан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4 жана 10-январындагы № 7 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш, Талды Сууайыл өкмөттөрүнүн башчыларын, Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна  айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 20, 23-январындаөткөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 4 жана 10-январындагы № 7 токтомдору менен дайындалганЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин, Аксы районунун Кашка-Суу, Кызыл-Туу, Ак-Жол айыл өкмөттөрүнүн,Ала-Бука районунун Ак-Там, Т.Балтагулов,Көк-Таш, Көк-Серек, Ак-Коргон, Өрүктү, Биринчи май, Ала-Бука айыл өкмөттөрүнүн,Базар-Коргон районунун Акман, Талдуу-Булак, Сейдикум, Кенешского, Могол, Кызыл-Үңкүр, Арстанбап айыл өкмөттөрүнүн,Ноокен районунун Шайдан, Масы,Ноокен, Момбеков, Сакалды айыл өкмөттөрүнүн,Сузак районунун Кара-Дарыя, Сузак, Кара-Алма, Ырыс, Атабеков, Таш-Булак, Барпы,  Ленин, Кыз-Күл, Багышайыл өкмөттөрүнүн,Тогуз-Торо районунун Карагалык, Сары-Булун  айыл өкмөттөрүнүн,Токтогул районунун Чолпон-Ата, Жаңы-Жол, Ничке-Сай, Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн,Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын  20, 23, 24, 25, 26, 27 жана 28- январында өткөрүлгөн.

Ош облусунун  Өзгөн шаарынын мэрин, Араван районунун Керме-То, Чек-Абад, Тоо-Моюн, Маңгыт, Алля Анаров айыл өкмөттөрүнүн, Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Гуз, Сары-Булак, Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайку, Ылай-Талас, Чалма айыл өкмөттөрүнүн, Өзгөн районунун Кара-Таш, Курбаш, Кызыл-Октябрь, Кызыл Тоо, Жылалды, Ийри-Суу, Дөң-Булак  айыл өкмөттөрүнүн, Кара-Суу районунун Савай, Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Папанов, Кызыл-Кыштак  айыл өкмөттөрүнүн, Чоң-Алай районунун Жекенди, Кашка-Суу  айыл өкмөттөрүнүн, Алай районунун Талды – Суу, Сары-Монгол, Үч-Төбө, Бүлөлү, К.Белекбаев, Ленин, Жошолу айыл өкмөттөрүнүн, Ноокат районунун

Кулатов, Ынтымак, Бел, Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын  20, 23, 24, 25, 26 жана  27- январында өткөрүлгөн.

Манас, Базар-Коргон, Токтогул, Сузак, Ала-Бука, Аксы, Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Араван, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай, Алай, Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары  жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  2017-жылдын 20, 23, 24, 25, 26, 27 и 28 - январында өткөн айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо болуп өттү деп табылсын.

2.  Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитилсин.

3. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш,  2017 - жылдын 30-январы

№ 27

Карап чыгуулар: (1091)