МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 29 “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

“Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 2, 3, 4, 5 жана 19-бөлүктөрүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3, 18-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Котик Наталья Михайловна катталсын.

2. “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жумаканова Венера Туратбековна  катталсын.

3. “Кыргызстан элдеринин конгресси” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2015-жылдын 3-августу

29

Карап чыгуулар: (2504)