![]() № 2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бош калган мандаттарын өткөрүп берүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттары Джумалиева Эльмира Бусурманкуловнанын, Эсенаманова Чолпон Замирбековнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкерлер Самаев Урматбек Обозбекович, Токторов Алмазбек Сатиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары деп таанылсын. 2. Самаев Урматбек Обозбекович, Токторов Алмазбек Сатиевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болуп катталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А.Т. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 11-январы № 2 |
Карап чыгуулар: (1255) |