МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 2 2015-жылдын 6-январында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 18-декабрындагы № 133 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо 2015-жылдын    6-январында өткөрүлдү.

Балыкчы, Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • 2015-жылдын 6-январында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
  •      1.1. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

         1.2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын шайланган мэри болуп Турдубаев Марат Джумакадырович табылсын.

         2. 2015-жылдын 6-январында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

         2.1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Исфана шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

         2.2. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын шайланган мэри болуп Анарботоев Абдулмухтар Дастанович табылсын.

         3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

         4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

     

     

    ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ

    УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                      А. ШАЙЫМКУЛОВА

     

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 14-январы 

    № 2

     

    2015-жылдын 14-январында жарыяланды

    Карап чыгуулар: (1502)