МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 30 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2015-жылдын 12-мартындагы № 56 буйругу менен Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Сатаров, Сары-Камыш айылдык кеңешинин депутаттарынын ишеним көрсөтпөө жөнүндө 2015-жылдын 2-мартындагы № 1 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 17-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  • Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  • Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
  •  

    ТӨРАГАНЫН

    ОРУН БАСАРЫ                                                             А. ШАЙЫМКУЛОВА

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 30-марты 

    30

     

    2015-жылдын 30-мартында жарыяланды

    Карап чыгуулар: (1479)