МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 31 Баткен облусунун Баткен; Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Ак-Суу; Ош облусунун Кара-Кулжа, Кара-Суу; Чүй облусунун Токмок; Ош шаардык; Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө М.Ш. Бегматованын, А.А. Гудковдун, К.А. Урсеитованын, Ж.А. Асанбаеванын, Б.А. Абдрахмановдун, Ж. Дыйканбаевдин, А.М. Ураимовдун, И.А. Кубатбековдун, К.К. Талиповдун, С.К. Мамаевдин, Н.К. Кызалакованын арыздарынын, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан И.Т. Джуманазаровду, Д. Эшимовду жана Ж. Анарбаеваны чыгаруу жөнүндө Кара-Суу, Токмок жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бегматова Мамлакат Шакировна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Обалова Марияхан Гайыповна киргизилсин.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Гудков Александр Алексеевич чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калдыбаев Зарылбек киргизилсин.

3. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Урсеитова Кулуйпа Алиевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асанбаева Жамал Темиркалиевна, Абдрахманов Бактыбек Абылович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сыдыкбеков Нурлан Кочкорбаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ниязов Бердалы Карабекович, Шаймергенова Кымбат Орозбаевна киргизилсин.

4. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Дыйканбаев Жумабай чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тажикова Таалайкан Мамытбакиевна киргизилсин.

5. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Авангард» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ураимов Алмазбек Минбаевич, «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джуманазаров Ильяс Токтомушевич чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн Алибекова Жылдыз Абдужалиловна, «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Аданов Абдырахман киргизилсин.

6. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Ар-Намыс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эшимов Джумагазы (комиссиянын төрагасы) чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эрса Зайнаб Шауевна киргизилсин.

7. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Анарбаева Жибек Абдымамытовна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кубатбеков Идрисбек Атантаевич чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Караев Эмил Жаныбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Таджибаев Азамат Жаныбаевич киргизилсин.

8. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Талипов Кумарбек Касенович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Качкынбаева Сагынбубу киргизилсин;

- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамаев Съездбек Кемелгазиевич жана Кызалакова Нурайым Кожобековна чыгарылсын.

9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН 

ОРУН БАСАРЫ                                                        А. ШАЙЫМКУЛОВА


Бишкек ш., 2015-жылдын 30-марты 

31

 

2015-жылдын 30-мартында жарыяланды

Карап чыгуулар: (1225)