МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№31 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 23-январындагы №2 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кочорбаев Уланбек Сапарбековичтин талапкерлигин каттоодо Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы жол берген укук бузууларга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, 18-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер Кочорбаев Уланбек Сапарбековичти каттоо жөнүндө» Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 23-январындагы № 2 протоколу жокко чыгарылсын.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

       Бишкек ш., 2013-жылдын 11-марты

       № 31

Карап чыгуулар: (2794)