МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 33 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык мандаты бош калгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер Осмонова Айнура Шермаматовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

2. Осмонова Айнура Шермаматовна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 6-февралы

№ 33

 

Карап чыгуулар: (896)