МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 34 2017-жылдын 23-31- январында жана 1-3-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7 жана  2017-жылдын 14-январындагы № 10 токтомдору менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата, Аксы районунун Кербен шаарларынын мэрлерин; Ноокен районунун Бүргөндү, Достук, Аксы районунун Ак-Суу, Үч-Коргон, Кош-Дөбө, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон, Токтогул районунун Бел-Алды, Үч-Терек, Толук, Сары-Камыш; Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион, Көтөрмө; Чүй облусунун Кемин районунун Ак-Туз, Кичи-Кемин, Чым-Коргон, Алмалуу, Сокулук районунун Кайназаров, Ат-Башы, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Көк-Жар, Ала-Арча, Лебединовка, Гроздь, Аламүдүн; Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Талаа, Кара-Суу, Ак-Муз, Ак-Моюн, Ак-Жар, Ат-Башы, Ача-Кайыңды,  Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Ак-Чий, Ак-Тал, Терек, Үгүт, Кара-Бүргөн, Көк-Жар, Жаңы -Талап, Кызыл-Белес, Кочкор районунун Чолпон, Көк-Жар, Кош -Дөбө, Ак-Кыян, Семиз-Бел, Кочкор, Соң-Көл, Сары-Булак, Кара-Суу, Кум-Дөбө, Нарын районунун Кара-Кужур, Ак-Кудук, Эмгекчил, Сары-Ой, Жан-Булак, Казан-Куйган; Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай, Корул, Гүлчө, Кара-Суу районунун Катта-Талдык, Кашкар-Кыштак, Мады, Сарай, Ноокат районунун Кара-Таш, Мирмахмудов, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Гулистан, Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин, Колдук, Төрт-Көл, Жазы, Ак-Жар, Зергер, Чаңгет, Баш-Дөбө; Талас облусунун Талас районунун Кууганды, Арал, Айдаралиев, Осмонкул, Бекмолдо; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Шыйрак, Тамга, Барскоон, Жаргылчак, Ак-Дөбө, Ырдык, Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Семенов, Өрүктү, Темиров айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2017-жылдын  23 - 31-январында жана  1-3-февралында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Ноокен, Аксы, Базар-Коргон, Токтогул, Кадамжай, Кемин, Сокулук, Аламүдүн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Нарын, Алай, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Талас, Жети-Өгүз  жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2017-жылдын 23-31-январында жана 1-3-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

 2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн  жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

 3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).

 4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

  5.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 6.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

  ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 6 - февралы

№ 34

Карап чыгуулар: (1153)