МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 34 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча 2016-жылдын 12-февралындагы Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын №7; Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын №3; Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын №3, Алай аймактык шайлоо комиссиясынын №9 жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 13-февралындагы №4 чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т.АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 16-февралы

№34

Карап чыгуулар: (1313)