№ 34 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тууралуу сунуштар боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 26–мартындагы № 3, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 27-мартындагы № 29 чечимдеринин негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет). 2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 2-апрели № 34
2015-жылдын 2-апрелинде жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 2-апрели № 34 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо участкаларынын чек аралары
Нарын облусу Жумгал району Көк-Ой айылдык кеңеши
№ 4121 шайлоо участкасы. Борбору: С.Турусбеков атындагы орто мектептин имараты. Чек арасы: Көк-Ой айылы толугу менен кирет. Шайлоочулардын саны: 1174.
№ 4122 шайлоо участкасы. Борбору: Айылдык дүкөндүн имараты. Чек арасы: Кичи Арал айылы толугу менен кирет. Шайлоочулардын саны: 118.
№ 4123 шайлоо участкасы. Борбору: Б.Кожоналиева атындагы орто мектептин имараты. Чек арасы: Арал айылы толугу менен кирет. Шайлоочулардын саны: 144.
Чүй облусу Жайыл району Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши
№ 7322 шайлоо участкасы. Борбору: Петропавловка айылы, маданият үйүнүн имараты. Чек аралары: Петропавловка айылынын Д.Бедный, Луговая, Шевченко, Комсомол, Садовый, Совет, Ярова, Ключевая, Восток, Краснооктябрь, Крупская, Мир, Молодежный, Юбилейный, Фрунзе, Пограничный көчөлөрү, МТФ-1, МТФ-2 участоктору кирет. Шайлоочулардын саны: 1390.
№ 7323 шайлоо участкасы. Борбору: Кызыл-Дыйкан айылы, Кызыл-Дыйкан атындагы орто мектеби. Чек аралары: Кызыл-Дыйкан айылындагы С. Бөлөкбаев, У.Сарыбаев, Москва, Арчалуу, Багышан көчөлөрү, Ак- Суу участогу кирет. Шайлоочулардын саны: 763. |
Карап чыгуулар: (1559) |