МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 35 Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына талапкерлер депутаттардын зарыл болгон добуштарынын санын албай калгандыгына байланыштуу болгон жок.

Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо депутаттардын кворуму жоктугунан болгон жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2017-жылдын 20-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын мурда катталган талапкерлер боюнча кайра шайлоо 2017-жылдын 14-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары – А.Бекматовго жүктөлсүн         

 

ТӨРАГА                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                         

Бишкек ш., 2017-жылдын 6-февралы

№ 35

Карап чыгуулар: (1008)