МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 36 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 10-февралындагы № 77 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.К.Сейдалиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы – акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 15-февралындагы № 1-5/42 буйругу менен Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Жороев, берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын      2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек жана  Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын  шайлоо 2016-жылдын 5-мартына дайындалсын жана саат   9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  • Токтогул жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  •  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча     борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
  •  

      

     

                    ТӨРАГА                                                                          Т. АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш., 2016-жылдын 17- февралы 

    № 36

     

    Карап чыгуулар: (1128)