МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 36 2015-жылдын 17, 20-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-мартындагы № 19 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2015-жылдын 17-мартында, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга, Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 20-мартында өткөрүлдү.

Ак-Суу, Түп, Чүй, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2015-жылдын 17, 20-мартында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (тиркелет).

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 2-апрели 

36

 

2015-жылдын 2-апрелинде жарыяланды 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

 2015-жылдын 2-апрелиндеги

 № 36 токтомунун тиркемеси

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ

 

Шайлоо өткөрүлгөн күнү

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району

Кайра шайлоо

1.

Жыргалаң

Мукалаев Талгат Абдыкадырович

17.03.2015-ж.

Түп району

2.

Арал

Мамытов Бактыбек Орозгелдиевич

20.03.2015-ж.

Чүй облусу

Чүй району 

3.

Онбир-Жылга

Бериков Азимкул Сабыралиевич

20.03.2015-ж.

Жайыл району

4.

Сары-Коо

Урманбетов Тилек Бекенович

20.03.2015-ж.

Карап чыгуулар: (1087)