МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 37 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер М.О. Сатаровдун 2017-жылдын 30-январындагы даттануусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучулардын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун жаран М.О.Сатаровдун 2017-жылдын 30-январындагы даттануусу боюнча чечимин карап чыгып, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы жана муниципалдык кызматкер – Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин шайланган депутаты Махаратбек Бердигулов тарабынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосунун 1,2, 40, 48- пункттарын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  17-беренесинин 4,7-бөлүгүн, 38-беренесинин 5-бөлүгүн, 43-беренесин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн, 52-беренесинин 1-бөлүгүн жана 2-бөлүгүнүн 6-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 10-пунктун, “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2,24-пункттарын, 2-бөлүгүнүн 5-пунктун жана 18-беренесинин 12-бөлүгүн жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер М.О. Сатаровдун даттануусу жөнүндө 2017-жылдын 1-февралындагы №4 чечими жокко чыгарылсын.

2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты Махаратбек Бердигуловдун ыйгарым укуктары, депутаттык ыйгарым укуктары менен айкалышпаган жумуш ордун калтырбагандыгына байланыштуу 2016-жылдын 21-декабрынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

3. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутатынын бош калган мандатын, шайлоочулардын көпчүлүк добушун алып депутат болуп шайланган кийинки талапкерге өткөрүп берсин.

4. 2017-жылдын 27-январында болуп өткөн  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары, Махаратбек Бердигуловдун  добуш берүүгө мыйзамсыз катышкандыгына  жана добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу  жараксыз деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30 - январындагы №27 токтомунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу  добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы протоколун бекитүү бөлүгү жокко чыгарылсын.

6. Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына 2017-жылдын 27-январында болуп өткөн  Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөрүүдө шайлоо мыйзамдары бузулгандыгына байланыштуу,  тараптардын эркинен көз карандысыз кырдаалдар боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыбек Дүйшебекович Бекишовду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш жөнөтүлсүн.

7. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде, мурда катталган талапкерлер боюнча Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу кайра добуш берүү жол-жобосун жүргүзсүн.

8. Бул токтом Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жана  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш, 2017-жылдын, 6-февралы

№37 

Карап чыгуулар: (1002)