МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 38 2016-жылдын 19-февралында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 2-февралындагы № 19 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын 2016-жылдын 19-февралында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Чүй аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • 2016-жылдын 19-февралында өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
  • 1.1.              Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

    1.2.              Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кожоналиев Канат Болотбекович табылсын.

    2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

    3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

    4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

    ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ 

     

    Бишкек ш., 2016-жылдын 25-февралы 

    № 38

    Карап чыгуулар: (1008)