![]() № 3 Жалал-Абад облусунун Токтогул, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Ж.Т. Оморованын арызынын жана М. Канболотовдун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматына дайындалганына, М. Орунбаевдин жана Т.Б. Мундузбаеванын каза болгондуктарына байланыштуу аларды Базар-Коргон жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу тууралуу сунуштамаларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Оморова Жумакан Токтогазиевна, Мундузбаева Токтобу Байымбетовна чыгарылсын; - комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кийикбаев Калык Найзабекович, Кожокеев Кадыралы Саткынбаевич киргизилсин. 2. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Канболотов Муратали, Орунбаев Маматкадыр чыгарылсын; - комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Юлдашев Юнус Халкозиевич, Бабакулова Калбукан Раимкуловна киргизилсин. 3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 14-январы № 3
2015-жылдын 14-январында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1178) |