![]() № 45 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 25-февралындагы № 99 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Бекмуратов Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 15-февралындагы №34 буйругу менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Т.Тойчубеков, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 25-февралындагы №21 буйругу менен Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Алтыбаев, өлгөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 1 - марты № 45
|
Карап чыгуулар: (1131) |