![]() № 48 Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү жана Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 22-февралындагы № 95 буйругу менен Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы А.С. Сапаров, 24-февралындагы № 97 буйругу менен Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимакун уулу Жанышбек тиешелүү райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары – акимдеринин биринчи орун басарлары болуп дайындалган. Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 1-мартындагы №05 буйругу менен Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы А.С. Сыдыканов, берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 3 - марты № 48 |
Карап чыгуулар: (1005) |