![]() № 4 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 16-декабрындагы № Б-11/IV буйругу менен Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы К.К.Бердалиев, ага Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттары ишенбестик көрсөткөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулган. Ошондой эле Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 25-декабрындагы № 52 буйругу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы М.З.Төлөгөнөв өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2016-жылдын 11-январы № 4 |
Карап чыгуулар: (1079) |