МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 52 2015-жылдын 17-майындагы Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 27-мартындагы № 41 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2015-жылдын 17-майында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 4-майындагы №3 жана № 4 чечимдеринин  негизинде Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын биометрикалык идентификацияларын аныктоо, автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдор добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде түзүлгөн.

Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына байланышкан арыздар жана актылар түшкөн эмес.

Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.

2. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.

4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

 

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 27-майы 

№ 52

 

2015-жылдын 27-майында жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

 боюнча борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 27-майындагы

№ 52 токтомуна тиркеме

 

Жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын тизмеси

 

Чүй облусу

Жайыл району

Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши 

 

7 мандаттуу “Петропавловка” шайлоо округу боюнча

Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты 

Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны 

 1.

Акматов Кемелбек Акжолтоевич

296

 2.

Кудайбергенов Астемир Тариэльевич

295

 3.

Свистуленко Вячеслав Сергеевич

294

 4.

Джыбыкеев Талантбек Орозбекович

264

 5.

Ус Александр Викторович

223

 6.

Усеналиев Бакытбек Керимбекович

206

 7.

Зыкринь Иван Иванович

193

 

4 мандаттуу “Кызыл-Дыйкан” шайлоо округу боюнча

 

1.

Сыдыкулов Ильяс Бектенбаевич

134

2.

Иманалиев Азат Усоналиевич

120

3.

Иманкулов Руслан Бекташович

93

4.

Алыбаев Эдвард Мадылбекович

90

 

Карап чыгуулар: (1475)