![]() № 53 2015-жылдын 17-майындагы Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 16-мартындагы № 36 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2015-жылдын 17-майында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Бейшеке айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 3 шайлоо участогу; Бакыян айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 4-майындагы №3 жана №4 чечимдеринин негизинде Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биометриялык идентификациясын аныктоого жана шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Ал эми, Бейшеке айылдык кеңешинде депутаттарын шайлоодо добуштарын эсептөөдө автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде түзүлгөн. Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына байланышкан арыздар, актылар түшкөн эмес. Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдордун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 27-майы № 53
2015-жылдын 27-майында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 53 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси
Талас облусу Кара-Буура району Бейшеке айылдык кеңеши 2 мандаттуу “Кара-Буура” шайлоо округу боюнча
4 мандаттуу “Бейшеке” шайлоо округу боюнча
5 мандаттуу “Кара-Суу” шайлоо округу боюнча
Бакыян айылдык кеңеши 11 мандаттуу “Бакыян” шайлоо округу боюнча
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1036) |