![]() № 54 2015-жылдын 17-майындагы Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 16-мартындагы № 36 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2015-жылдын 17-майында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Шекер айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 4-майындагы №4 чечиминин негизинде, Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде түзүлгөн. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы, 2015-жылдын 19-майындагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, Шекер шайлоо округундагы №6025 шайлоо участкасында, БШКнын мүчөсү Р. Бекбасаровдун, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, депутаттыкка талапкерлердин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда добуштарды кайталап эсептөө жүргүзгөн. Добуштарды кайталап эсептөөнүн жүрүшүнө, ошондой эле, Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуштардын жыйынтыгы боюнча добуштарды кайталап эсептөөдөн кийин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына арыздар жана актылар түшкөн эмес. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы №7 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо максатында № 6025 шайлоо участкасындагы шайлоо документтеринин түп нускаларынын пакети ачылган жана 2015-жылдын 27-майында №6025 Шекер шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжасын өзгөртүү протоколдору түзүлгөн. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 27-майы № 54
2015-жылдын 27-майында жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 54 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси Талас облусу Кара-Буура району Шекер айылдык кенеши №6024 Арчагул 3мандаттуу округ боюнча
№ 6025 Шекер 8 мандаттуу округ боюнча
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Карап чыгуулар: (1033) |