![]() № 57 Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу |
2013-жылдын 10-апрелинде Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү, ал Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 40 токтому менен дайындалган. Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 29-апрели № 57 |
Карап чыгуулар: (1324) |