МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 5 2015-жылдын 16-январында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 137 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2015-жылдын 16-январында өткөрүлдү.

Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • 2015-жылдын 16-январында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
  • Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Жапаров Маматысак Абдухалилович табылсын.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
  • Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
  •  

     

    ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ

    УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                       А. ШАЙЫМКУЛОВА

     

     

    Бишкек ш., 2015-жылдын 21-январы 

    5

     

    2015-жылдын 21-январында жарыяланды

    Карап чыгуулар: (1340)