![]() № 61 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынын депутаты Абдиев Курмантайдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, тизме боюнча кезектеги талапкер Джелебаев Сардарбекке Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2015-жылдын 2-июнунда тиешелүү телеграмма жиберилген. Бүгүнкү күнгө чейин, С. Джелебаевден Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салгандыгы тууралуу билдирүүнүн көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн жок. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,25-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Абытов Алмасбек Ахунжанович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын. 2. Абытов Алмасбек Ахунжанович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 17-июну №61
2015-жылдын 17-июнунда жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1458) |