МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 62 2015-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 22-майындагы № 46 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн шайлоо боюнча  Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Урманаев Сыртбай Кыязович табылсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                  Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 17-июну

№62

 

2015-жылдын 17-июнунда жарыяланды

Карап чыгуулар: (1075)