![]() № 65 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынын депутаты Кадырбекова Майрамкан Мамытовнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер Муратов Тимур Муратович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын. 2. Муратов Тимур Муратович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын. 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А.ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 22-июну № 65
2015-жылдын 22-июнунда жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1432) |