МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 67 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 24-мартындагы       № 23 буйругу менен Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы                 Ж.К. Мамытканов, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын      2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 22-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  • Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  •  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
  •  

                    ТӨРАГА                                                         Т. АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш., 2016-жылдын 4 – апрели  

    № 67

     

     

    Карап чыгуулар: (1330)