![]() № 68 2017-жылдын 13-мартында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас шаарынын мэрин кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 59 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас шаарынын мэрин кайра шайлоо 2017-жылдын 13-мартында өткөрүлгөн. Талас аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 13-мартында болуп өткөн Талас облусунун Талас шаарынын мэрин кайра шайлоо өттү деп табылсын. 1.1 Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 1.2 Талас облусунун Талас шаарынын шайланган мэри болуп Джузупбеков Айдарбек Жапарович табылсын. 2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайланган Талас шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырылсын. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 16-марты № 68
|
Карап чыгуулар: (807) |