![]() № 68 2016-жылдын 27 – мартындагы Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
2016-жылдын 27 – мартындагы Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Кемин районунун Кемин шаардык кеңешинин аймагында 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 6 шайлоо участогу, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн. Милянфан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден түшкөн эки арызынын жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 29-мартындагы № 7 чечиминин негизинде, № 7129 участкалык шайлоо комиссиясында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын үч мүчөлөрүнүн катышуусу менен добуштарды кайталап эсептөө жүргүзүлдү. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыгына расмий түрдө даттануулар (арыздар) түшкөн эмес. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кемин, Аламүдүн жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 2. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаардык, Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын. 4. Кемин, Аламүдүн жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин. 5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин, Аламүдүн жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин. 6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели № 68
|
Карап чыгуулар: (1079) |