№ 69 Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8-беренесиндеги 3-бөлүккө, 11-беренесиндеги 2-бөлүккө ылайык Бишкек шаары республикалык маанидеги шаар деп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат. Бишкек шаары – саясий, экономикалык, илимий, администрациялык, тарыхый-маданий борбор, республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдарынын, чет мамлекеттердин элчиликтеринин, өкүлчүлүктөрүнүн жайгашкан жери. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын борборунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелинет. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чет мамлекеттердин өкүлчүлүктүү органдары менен байланышты ишке ашырып, борбордун жана жалпы республиканын жашоосуна жигердүү катышкандыктан, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын кайрылуусуна ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесиндеги 2-бөлүктү, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилсин (1-тиркеме). 2. Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын төш белгисинин үлгүсү бекитилсин (2-тиркеме). 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 6-майы № 69 |
Карап чыгуулар: (2115) |