МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 6 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н. Т. Тюлеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

2014-жылдын 23-декабрында “Ата-Журт” фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н. Т. Тюлеевге карата жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык соттук коллегиясынын өкүмү жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2014-жылдын 29-июлундагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тюлеев Нариман Ташболотовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тюлеев Нариман Ташболотовичтин №005 күбөлүгү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Н. Т. Тюлеевдин өкүлүнө берилсин.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

 

            Төраганын ыйгарым                                                       А. Шайымкулова

укуктарын аткаруучу

 

             Бишкек ш., 2015-жылдын 21-январы

             № 6

Карап чыгуулар: (1709)