![]() № 6 «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №155 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
Ош облусунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 6 мандаттуу «Биймырза» шайлоо округу боюнча № 5011 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жүрүшүндө жол берилген, шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир эткен, көрсөтүлгөн участкада добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген укук бузуулар жөнүндө белгиленген фактыларга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, 18-беренесиндеги 2-бөлүккө, 18-беренесиндеги 12-бөлүккө, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесиндеги 5-бөлүккө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №155 токтомунун 5-пунктунун 1, 4-пунктчалары жокко чыгарылсын. 2. Жогоруда аталган токтомдун 5-пунктунун 2-пунктчасында «Кара-Кулжа,» деген сөздөр алып салынсын. 3. «Биймырза» шайлоо округу боюнча Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жараксыз деп табылсын. 4. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун №2 тиркемесинде Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин шайланган депутаттарынын тизмесинен төмөнкүлөр алып салынсын: Исраилов Мирбек Акбарович, Джусупов Аттокур, Абдыкадыров Сагынали, Калмуратов Алмазбек Кудайбердиевич, Молдалиев Элзарбек Ыдырысович, Жумабаев Айтмамат Калилович, Таиров Абдимамат Назиркулович, Жакыпов Кубанычбек Кудайбердиевич, Кадырбердиев Маматурайым, Абдыкадыров Абдурасул Бектемирович, Осмонов Чингизбек Арыкбаевич, Токтомушев Абдилкадыр Эстебесович, Абдыкадыров Маматжунус Рыскулович, Сарыева Мөлмөл, Саипов Бакытбек Саипович, Чолпонов Сапарбай Чолпонович, Кокоев Пайизракман Абыканович, Эркебаева Каленбүбү Мойдуновна, Суранбаев Санжар, Жолдошев Акбий Коколозович, Апалаев Абдилаким Жээнбекович, Шалтаков Зикир Чалович, Жоржоев Нуркамил Асилбекович, Орозбаев Дөөлөтбек Эркинбаевич, Мойдунова Айсулуу Мамасадыковна, Айдарбеков Дамирбек Исаевич, Султанов Кенжебай Орозбаевич, Ормокеев Айбек Алимбекович, Бөрүбаев Абай Аталиевич, Акматалиев Шамурат Жалилович, Баатырбаев Матисак. 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2013-жылдын 10-январы № 6 |
Карап чыгуулар: (1257) |