МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 70 2016-жылдын 27-мартындагы Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Лейлек районунун Бешкент айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 4 шайлоо округу жана 5 шайлоо участогу, Маргун айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 3 шайлоо участогу түзүлгөн.

Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыгына даттануулар (арыздар) түшкөн эмес.

Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.

4. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерине жиберилсин.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ

 

 

 Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели 

№ 70

Карап чыгуулар: (1047)