![]() № 71 2016-жылдын 27 – мартындагы Жалал-Абад облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16, 2016-жылдын 11-февралындагы № 29 Жарлыктары менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин аймагында бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 8 шайлоо участогу, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 6 шайлоо округу жана 6 шайлоо участогу, Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыгына карата даттануулар (арыздар) түшкөн эмес. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Майлуу-Суу, Аксы, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 2. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Торгуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттыгына Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын. 4. Майлуу-Суу, Аксы, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгисин берсин. 5. Бул токтомдун көчүрмөсү Майлуу-Суу, Аксы, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин. 6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели № 71 |
Карап чыгуулар: (1104) |