![]() № 71 2017-жылдын 17-мартында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-февралындагы № 60 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 17-мартында өткөрүлгөн. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. 2017-жылдын 17-мартында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын. 1.1 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 1.2 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сатыкулов Азамат Алаңбаевич табылсын 2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 23 - марты № 71 |
Карап чыгуулар: (790) |