![]() № 72 2016-жылдын 27 – мартындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Оргочор айылдык кеңешинин аймагында 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлер Оргочор айылдык кеңешинин шайланган депутаттары деп табылсын (тиркелет). 4. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгисин берсин. 5. Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин. 6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11 - апрели № 72 |
Карап чыгуулар: (1204) |