![]() № 73 2016-жылдын 27-мартындагы Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16, 2016-жылдын 11-февралындагы №29 Жарлыктары менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Алай районунун Будалык айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу, Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 4 шайлоо участогу, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 3 шайлоо участогу түзүлгөн. Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай, Кара-Суу, Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын. 2. Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин. 3. Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын (тиркелет). 4. Алай, Кара-Суу жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин. 5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жиберилсин. 6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели № 73 |
Карап чыгуулар: (1039) |