МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 74 2016-жылдын 27 – мартындагы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Балыкчы шаардык кеңешинин аймагында бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 16 шайлоо участогу түзүлгөн.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлер Балыкчы шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп табылсын (тиркелет).

4. Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгисин берсин.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                        Т. АБДРАИМОВ                       

 

                       

Бишкек ш., 2016-жылдын  11 - апрели

№ 74

 

Карап чыгуулар: (1020)