МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 76 2016-жылдын 27 – мартындагы Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын                       11-февралындагы № 29 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,                     11-беренелерине ылайык Токмок шаардык кеңешинин аймагында бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 20 шайлоо участогу түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 11 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 10 “Республика – Ата Журт” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимдеринин жана Токмок аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

 2. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун 3.1-пунктунун “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан шайланган депутаттар деп табуу тууралуу бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын         11-апрелиндеги № 11 чечимине   ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун 3.4-пунктунун “Республика – Ата Журт” саясий партиясынын шайланган депутаттар деп табуу тууралуу бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 10 чечимине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

4. Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу, ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

5. Ушул токтомдун тиркемесиндеги Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп таанылсын (тиркелет).

6. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

        ТӨРАГА                                                               Т. АБДРАИМОВ

                                                  

Бишкек ш., 2016-жылдын 11 - апрели

№ 76

 

 

Карап чыгуулар: (1263)