МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 77 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календардык планы жөнүндө

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы ПЖ №157 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календардык планы бекитилсин (тиркелет).

2. 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календардык планы китепче таризинде чыгарылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 28-июлу

№ 77

 

2015-жылдын 28 июлунда жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2015-жылдын  28-июлу
№ 77 токтому менен

бекитилген

 

2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын

 

КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ

 

Иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөттөрү

Аткаруучулар

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын саясий партияларга жана шайлоочуларга карата кайрылуусу  

Шайлоо дайындалгандан кийин

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

  • I.                   Шайлоочулардын тизмесин түзүү
  • 1.1

    Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече маалыматтардын (анын ичинде биометрикалык) негизинде, шайлоо участкаларынын чек араларын эске алуу менен шайлоочулардын тизмесин түзүү

     

    Үзгүлтүксүз

    Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары - МКК)

    “КРдин Президентин жана КР ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРдин конституциялык Мыйзамы (мындан ары - Мыйзам),

    14-берене 3-бөлүк

    1.2

    Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар тууралуу маалыматтардын берүү формасын, түрүн жана тартибин бекитүү

    2015-жылдын 10-августунан кечиктирбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күндөн кечиктирбестен)

     

    ТИМдин макулдашуусу менен МКК, Борбордук шайлоо комиссиясы, Мыйзамдын

    14-беренеси 6-бөлүгү

    1.3

    Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар тууралуу маалыматтарды берүү жана аларды мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү

     

    2015-жылдын 10-августунан кечиктирбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күндөн кечиктирбестен)

     

     

    ТИМ, КРдин чет өлкөдөгү тиешелүү дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери,

    МКК

    Мыйзамдын 14-беренеси 6-бөлүгү

    1.4

    Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында болгон шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана аларды  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү

    2015-жылдын 22-сентябрынан кечиктирбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен)

     

    Көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, МКК, УШК

    Мыйзамдын

    14-беренеси 5-бөлүгү

     

    1.5

    Шайлоочулардын тизмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына электрондук түрдө өткөрүп берүү

     

    2015-жылдын 15-августунан кечиктирбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күнгө чейин)

    МКК

    Мыйзамдын

    14-беренеси 7-бөлүгү

    1.6

    Шайлоочулардын тизмесин кагазга басып чыгаруу жана аны тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү

    2015-жылдын 20-августунан кечиктирбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы,

    АШК

    Мыйзамдын

    14-беренеси 7-бөлүгү

    1.7

    Шайлоочулардын тизмелерин тааныштыруу үчүн илүү

    2015-жылдын 20- августунан кечиктирбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен)

    УШК

    Мыйзамдын

    14-беренеси 7-бөлүгү

    1.8

    Таанышуу жана тактоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына шайлоочулардын алдын ала тизмесин жайгаштыруу

     

    2015-жылдын 20-августунан 19-сентябрына чейин (Добуш берүү күнүнө чейин 45-15 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы,

    МКК

    Мыйзамдын

    14-беренеси 8-бөлүгү

    1.9

     

     

    Кабарлоону даярдоо жана участкалык шайлоо комиссияларын алар менен камсыздоо

     

     

    Шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуга, ал шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги жөнүндө кабарлоону жиберүү

    2015-жылдын 25-августунан кечиктирбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен)

     

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    АШК

     

    УШК

    Мыйзамдын

    15-беренеси 2-бөлүгү

    1.10

    Биометрикалык каттодон өткөн шайлоочулардан тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан арыздарды кабыл алуу (андагы кандай гана болбосун ката же так эместиктер жөнүндө) жана ал арыздарды кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз жөнөтүү

    2015-жылдын 19-сентябрына чейин (Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен)

     

    УШК

    Мыйзамдын

    15-беренеси 3-бөлүгү

    1.11

    Биометрикалык каттодон өткөн шайлоочулардан тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун тиркелген көчүрмөсү менен арыздарды кабыл алуу жана МККга көрсөтүлгөн шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн кабыл алынган арыздарды токтоосуз өткөрүп берүү

    2015-жылдын 19-сентябрынан кечиктирилбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күнгө чейин)

    УШК

    МКК

     

    Мыйзамдын

    15-беренеси 4-бөлүгү

     

     

     

    1.12

    Шайлоочулардын биротоло тизмесин бекитилген форма боюнча түзүү жана Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү

     

    2015-жылдын 24-сентябрынан кечиктирилбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен)

    МКК

    Мыйзамдын

    15-беренеси 5-бөлүгү

    1.13

    Борбордук шайлоо комиссиясынын кагазга басып чыгарылган, номур коюлган, көктөлгөн жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин (мындан ары- шайлоочулардын кагаздагы тизмеси) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү

    2015-жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен (Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын

    15-беренеси 5-бөлүгү

    1.14

    Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө боюнча шайлоо документтеринин формасын иштеп чыгуу жана бекитүү

    2015-жылдын августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы

     

  • II.                Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүү
  • 2.1    

    Республиканын аймагынан тышкары жерлерде шайлоону уюштуруу үчүн аймактык шайлоо комиссияларды түзүү (КР ТИМ)

    2015-жылдын августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы,

    КР ТИМ

    2.2

    Чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларды түзүү

    2015-жылдын августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы,

    КР ТИМ

    2.3

    Чет өлкөлөрдө участкалык шайлоо комиссияларды түзүү

    2015-жылдын август- сентябры

    КР ТИМге караштуу АШК

    2.4

    Бишкек, Ош шаарларында, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Ош облусунун Кара-Суу райондорунда кошумча шайлоо комиссияларын түзүү

    2015-жылдын 1-августуна чейин

    Бишкек, Ош шаарынын мэриясы, Аламүдүн, Сокулук, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациялар,

    Бишкек, Ош, Аламүдүн, Сокулук, Кара-Суу АШКлары

    III.  Шайлоону финансылык жактан камсыздоо

    3.1

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого чыгымдардын сметасын БШК тарабынан бекитүү жана шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарын бекитилген сметасына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын ортосунда каражаттарды бөлүштүрүү

    2015-жылдын 8-августунан кечиктирилбестен (Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен)

     

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 25-беренеси Борбордук шайлоо комиссиясы

    28-июлундагы № 79 токтому

    3.2

    Борбордук шайлоо комиссиясынын контролдук-текшерүү тобун түзүү

    2015-жылдын 11-августунан кечиктирбестен

    (шайлоо күнү дайындалгандан кийин, бирок шайлоо дайындоо жөнүндө Жарлык жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын

    42-беренеси 2-бөлүгү

     

    3.3

    Саясий партияларга атайын эсептерди ачуу жана жүргүзүү, шайлоо фондуларынын каражаттары боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук үчүн банк мекемесин аныктоо

    2015-жылдын 28-июлунан кечиктирбестен

    (шайлоо дайындалгандан кийин токтоосуз)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын

    41-беренеси 6-бөлүгү

    3.4

    Шайлоо фондун түзүү үчүн банкта саясий партиялар үчүн атайын шайлоо эсепти ачуу

    Финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде

    Борбордук шайлоо комиссиясы,

    Банк мекемелери

    Мыйзамдын

    41-беренеси 5-бөлүгү

    3.5

    Шайлоо күрөөнү депозиттик эсепке салуу

    КР Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсептин реквизиттери: Алыш-бериш эсеби № 1350108011368456 Өздүк эсеп № 4402012100000945

     «Айыл банк» ААК Бишкек ш.

    БИК 135001

    Алуучу: Биринчи май РОК/ КР Боршайком

    ИНН 01704199610123

    Төлөмдүн багыты: Саясий партиянын шайлоо күрөөсү

    Талапкерлердин тизмеси катталганга чейин 2015-жылдын  25 августунда  18:00 гө чейин (шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кеч эмес)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    3.6

    Саясий партиялардын шайлоо фондуларын түзүү каржылоо булактарынын тартибин ошондой эле шайлоо каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо

    Көзөмөлдөө-текшерүү тобу түзүлгөндөн кийин

     

    Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу көзөмөлдөө-текшерүү тобу

    Мыйзамдын

    42-беренесинин 6-бөлүгү

    3.7

    Финансылык операцияларды, анын ичинде атайын эсептер боюнча жеке жана юридикалык жактар менен эсептерди токтотуу

    2015-жылдын 3-октябрында саат 18-00 гө чейин (добуш берүү күнүнөн мурунку күнү саат 18-00 дө)

    Банк

    Мыйзамдын 41-беренесинин 14-бөлүгү

    3.8

    Фонддун түзүлгөн баардык булактары жана өлчөмдөрү ошондой эле баардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет берүү

    2015-жылдын 14-октябрынан кечиктирбестен

    (шайлоо күнүнөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу көзөмөлдөө-текшерүү тобу

    Мыйзамдын 41-беренесинин 16-бөлүгү

    3.9

    Шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен АШКга бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылык отчетторду (№ 2 форма) БШКга берүү

    2015-жылдын 24-октябрынан кечиктирбестен (шайлоо өткөрүлгөндөн кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен)

    АШК

    3.10

    Шайлоонун финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын иштеп чыгуу жана бекитүү

    2015-жылдын августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы

  • IV.             Шайлоону техникалык жактан камсыздоо
  • 4.1

    Сактоонун техникалык талаптарына ылайык жабдууларды сактоо үчүн жай менен УШКны камсыздоо

    2015-жылдын 20-августуна чейин

    КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондун акимдери, шаарлардын мэрлери, БШКнын атайын өкүлдөрү

    4.2

    Шайлоо үчүн түшкөн жабдуунун инспекциясы жана тестирлөө

    Август, сентябрь

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    4.3

    АШКга шайлоо үчүн жабдууларды жеткирүү

    2015-жылдын 20-сентябрына чейин

    БШК

    АШК

    БШКнын атайын өкүлдөрү

    4.4

    АШКдан жабдууларды УШКга жеткирүү жана анын сакталышын камсыздоо

    2015-жылдын 27-сентябрына чейин

    АШК

    УШК

    ИИМ

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары

    4.5

    УШКга жабдууларды орнотуу жана тестирлөө

    2015-жылдын 27-сентябрынан 2-октябрына чейин

    УШК

    АШК (контроль)

    4.6

    Маалымат берүү үчүн байланыш каналдарын даярдоо жана тестирлөө

    Август, сентябрь

    БШК

    АШК

    УШК

    МБА

    Кыргызтелеком, Байланыш операторлору

    4.7

    УШКдан шайлоо үчүн жабдууларды АШКга жеткирүү

    УШКдан добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаргандан кийин

    УШК

    АШК

    ИИМ

    4.8

    АШКларды шайлоонун жабдууларын сактоо үчүн техникалык талаптарга ылайык жай менен камсыз кылуу

    Шайлоо аралык мезгилде үзгүлтүксүз

    КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү,

    райондун акимдери, шаарлардын мэрлери, АШК, БШКнын атайын өкүлдөрү

    4.9

    Шайлоону техникалык камсыздоо боюнча тараптардын милдеттенмелерин жөнгө салуучу документтердин формаларын иштеп чыгуу жана бекитүү

    2015-жылдын августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы

  • V.                Талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо
  •  

    5.1

    КР Юстиция министрлигинен саясий партиялар жөнүндө мыйзамга ылайык катталган жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга, шайлоо дайындоо жөнүндөгү КР Президентинин Жарлыгы расмий жарыяланган күнгө карата укугу бар саясий партиялардын тизмесин алуу

    2015-жылдын 31-июлунан кечиктирбестен

    (Шайлоо күнүн дайындоо жөнүндөгү КР Президентинин Жарлыгы күчүнө киргенден кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги, БШК

    Мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгү

     

    5.2

    Шайлоого катышуу жөнүндө чечим кабыл алган саясий партия тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн шайлоо жана финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматтарын тиркеп тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү  

    2015-жылдын 2-августунун 18:00 кечиктирбестен

    (Шайлоо күнү расмий жарыялангандан күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Саясий партиялар

    Мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгү

     

    5.3

    Саясий партияга билдирүү алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө тастыктама жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсепти ачуу үчүн маалым кат берүү

    Билдирүү түшкөндөн кийин

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгү

    5.4

    Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга каттоо күбөлүктөрүн же партия тарабынан көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимдерди берүү

    Жазуу жүзүндөгү билдирүү түшкөндөн кийин 2 календардык күндүн ичинде

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгү

    5.5

    Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, же саясий партиянын сунуштамасынын жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде ишенимдүү адамдарын каттоо

    Талапкерди же саясий партияны каттоодон  кийин

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгү

     

    5.6

    Шайлоо документтеринде колдонулган партиянын эмблемасы жана кыскача аталышы, эгерде алар анын уставында камтылган аталышынан жана эмблемасынан сүрөттөлүшү айырмаланган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашуу

    КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга жазуу жүзүндөгү билдирүү берилгенден кийин

    Саясий партиялар

    Мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгү

    5.7

    Саясий партиялар тарабынан  талапкерлердин тизмесин көрсөтүү

     

    Шайлоо дайындалган күндөн тартып

    2015-жылдын 20-августунан кечиктирбестен аяктайт (Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Саясий партиялар

    Мыйзамдын 60-беренесинин 1-бөлүгү

    5.8

    Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан төмөнкү документтерди берүү:

    1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталган, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

    2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы;

    3) шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти

     

    2015-жылдын 25-августунан кечиктирбестен жергиликтүү убакыт боюнча саат 18-00гө чейин, (Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгү

     

    5.9

    Саясий партиянын талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди берген адамга алар алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө тастыктаманы (малым катты) берүү

    Документтерди кабыл алгандан кийин

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгү

    5.10

    Конституциялык Мыйзамдын талаптарына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин шайкештигин текшерүү жана саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо  

    Саясий партиялардан документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 61-беренесинин 3-бөлүгү

    5.11

    Талапкерлердин көрсөтүлгөн тизмесин каттоо үчүн тоскоол болгон талапкерлердин тизмесиндеги көрсөтүлгөн документтериндеги дал келбестиктери жөнүндө саясий партияларга билдирүү

    Саясий партиялардын документтерин кабыл алып бүткөндөн кийин 24 сааттын ичинде

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 61-беренесинин 3-бөлүгү

    5.12

    Зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүү

    Билдирүү алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде

     

    Саясий партиялар,

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 61-беренесинин 3-бөлүгү

    5.13

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоосу

    2015-жылдын 4-сентябрына чейин

    (Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 61-беренесинин 5-бөлүгү

    5.14

    Талапкерлердин кызматтык ыйгарым укуктарын токтотулгандыгы жөнүндө тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүү

     

    Талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен

     

    Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

    Мыйзамдын 21-беренесинин 7-бөлүгү

    5.15

    Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу жана саясий партиянын өкүлүнө каттоодон баш тартуунун негиздерин баяндоо менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин  көчүрмөсүн берүү

    Чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн берүү

     

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 61-беренесинин 7-бөлүгү

    5.16

    Шайлоого мындан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин жазуу жүзүндөгү арызын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү

     

    2015-жылдын 1-октябрына чейин

    (Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Депутаттыка талапкер

    Мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүгү

     

    5.17

    Талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жөнүндө жана шайлоого катышуудан баш тартуу же тизмеден кээ бир талапкерлерди алып салуу жөнүндө саясий партиянын жазуу жүзүндөгү арызын берүү

    2015-жылдын 1-октябрына чейин

    (Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Саясий партия

    Мыйзамдын 61-беренесинин 10-бөлүгү

     

  • VI.             Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо жана шайлоо алдындагы үгүт
  • 6.1

    Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитация жөнүндө ММКларга кайрылуусу

    Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып

    Борбордук шайлоо комиссиясы

     

    6.2

    Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү үчүн басма аянтын жана обо убактынын төлөөнүн шарттары жөнүндө маалыматтарды ММК уюмдары тарабынан жарыялоо жана Борбордук шайлоо комиссиясына төлөөнүн өлчөмүн берүү

     

    2015-жылдын 8-августуна чейин

    (Шайлоо күнүн дайындоо жөнүндөгү КР Президентинин Жарлыгы расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Массалык маалымат каражаттары

    Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү

     

     

    6.3.

    Интернет басылмаларды жана ММК аккредитациялоо үчүн баардык зарыл документтерди БШКга берүү

    2015-жылдын 8-августуна чейин

    (Шайлоо күнүн дайындоо жөнүндөгү КР Президентинин Жарлыгы расмий жарыяланган кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Массалык маалымат каражаттары

    Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү

    6.4.

    Шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо

     

    Аккредитацияга документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен

    БШК

    Массалык маалымат каражаттары

     

    6.5.

    Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу шайлоочуларды маалымдоо боюнча Жумушчу топту түзүү

    Шайлоо дайындалгандан кийин

    Борбордук шайлоо комиссиясы

     

    6.6.

    Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого контролдоо боюнча Жумушчу топту түзүү

    Шайлоо дайындалгандан кийин

    Борбордук шайлоо комиссиясы

     

    6.7.

    Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү

    2015-жылдын 4-сентябрынан 3-октябрына чейин

    (талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат)

    Саясий партиялар,

    Кыргыз Республикасынын жарандары

    Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгү  

    6.8.

    Шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун коомдук пикирлерди сурамжылоонун, шайлоо менен байланышкан изилдөөлөрдүн натыйжаларын жарыялоого (чагылдырууга) тыюу салуу

     

    2015-жылдын 29-сентябрынан 4-октябрына чейин

    (шайлоо күнүнө чейин акыркы 5 күн, ошондой эле шайлоо күнү)

    Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого контролдоо боюнча Жумушчу топ

    Мыйзамдын 22-беренесинин 6-бөлүгү  

    6.9.

    Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү оболук убакытты берүү

    Талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин

     

    Телерадио уюмдары

    Мыйзамдын 24-беренесинин 4-бөлүгү   

    6.10.

    Радио жана телеберүү каналдарында акысыз обо убакыт бөлүштүрүү боюнча чучу кулак өткөрүү

     

    2015-жылдын 4-сентябрынан кийин (Талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин)

    Борбордук шайлоо комиссиясы,

    КТРК, Эл ТР

    6.11.

    Басма ММКларда акысыз гезит аянтты бөлүштүрүү боюнча чучу кулак өткөрүү

     

    2015-жылдын 4-сентябрынан кийин (Талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин)

    Борбордук шайлоо комиссиясы. «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу» гезиттери

     

    6.12.

    ММКда акысыз обо убактысын жана басма аянтын берүү

    Чучу кулактын жыйынтыктары боюнча

    Телерадио уюмдары жана массалык маалымат каражаттары уюмдары

    6.13.

    Саясий партиялардын талапкерлерин үгүт жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушууларды камсыз кылуу

    2015-жылдын 4-сентябрынан кийин

    (талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин) жана добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда аяктайт

    АШК, БШКнын атайын өкүлдөрү, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

    Мыйзамдын 22-беренесинин 9-бөлүгү

    6.14.

    Үгүт материалдарын илүү үчүн ар бир шайлоо участканын аймагында атайын орундарды бөлүп берүү

    Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

    Мыйзамдын 27-беренесинин 3-бөлүгү

    6.15.

    Маалымдама-маалыматтык анын ичинде эл аралык байкоочулар үчүн материалдарды бекитүү жана басмадан чыгаруу (мамлекеттик жана расмий тилдеринде)

    График боюнча

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    6.16.

    Календардык планды басмадан чыгаруу (мамлекеттик жана расмий тилдеринде)

    Бекитилгенден кийин

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    6.17.

    Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо боюнча шайлоо документтердин формаларын иштеп чыгуу жана бекитүү

    2015-жылдын августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы

  • VII.          Шайлоо комиссияларын окутуу
  • 7.1

    Шайлоо комиссиялары үчүн окутуу программаларын иштеп чыгуу

    2015-жылдын июль, августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    7.2

    Аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүн окутуу

    2015-жылдын августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    7.3

    Участкалык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүн окутуу

    2015-жылдын август, сентябры

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    7.4

    Шайлоо комиссияларды окутуу боюнча шайлоо документтердин формаларын иштеп чыгуу жана бекитүү

    2015-жылдын августу

    Борбордук шайлоо комиссиясы

  • VIII.       Эл аралык байкоочулар
  • 8.1

    Шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттик өлкөлөргө чакыруу каттарды жөнөтүү

     

    Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып  

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    8.2

    Шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлык расмий жарыялангандан кийин Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жөнөтүлгөн чакыруу бар болгондо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн

    Сунуштамалар түшкөн сайын, шайлоо күнүнө 3 күн калганда аяктайт

     

     

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгү

     

  • IX.             Добуш берүүнү уюштуруу
  •  

    9.1

    Участкалык шайлоо комиссияларды тиешелүү жабдылган жайлар жана камсыздоонун алтернативдик булактары менен камсыздоо

     

    Шайлоо дайындалган күндөн тартып

    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 29-беренесинин 2-бөлүгү

    9.2

    Маалыматтык материалдарды илүү үчүн стендди жабдулоо

    УШКнын иши башталган учурдан тартып

    УШК

    Мыйзамдын 29-беренесинин 3-бөлүгү

    9.3

    Шайлоо бюллетендердин формасын жана жана коргоо даражасын бекитүү

    2015-жылдын 9-сентябрынан кечиктирбестен

    (Добуш берүү күнүнө чейин 25 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүгү

    9.4

    Шайлоо бюллетендердин текстин жана даярдоо тартибин бекитүү

    2015-жылдын 9-сентябрынан кечиктирбестен

    (Добуш берүү күнүнө чейин 25 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүгү

    9.5

    Шайлоо бюллетендерди мамлекеттик жана расмий тилде даярдоо

    2015-жылдын 24-сентябрына чейин

    (Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 30-беренесинин 6-бөлүгү

    9.6

    Аймактык шайлоо комиссияларга шайлоо бюллетендерди өткөрүп беруу

    2015-жылдын 24-сентябрынан тартып (Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күнгө чейин)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 30-беренесинин 9-бөлүгү  

    9.7

    Шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларга өткөрүп берүү

    2015-жылдын 2-октябры

    (Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күнгө чейин)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 30-беренесинин 9-бөлүгү

    9.8

    Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарды кабыл алуу жана атайын реестрде каттоо

    2015-жылдын 1-октярына чейин

    (УШК түзүлгөндөн кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен)

    УШК

    Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгү

    9.9

    Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздарды берген шайлоочулардын реестрин УШКларга илүү

    2015-жылдын 2-октябрынан тартып

    (жайдан тышкары добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда)

    УШК

    Мыйзамдын 33-беренесинин 4-бөлүгү

     

  • X.                Добуш берүүнүн тартиби
  •  

    10.1

    Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү

    2015-жылдын 3-октябры

    (добуш берүүгө күнгө чейин бир календардык күн калганда)

    УШК

    Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгү

    10.2

    Шайлоочулардын тизмесин, колдонулбаган жана бузулган бюллетендер жөнүндө актты, шайлоочулардын реестирин түзүү жана мөөрлөнүп бекитилген көчмө урнаны кабыл алуу, өткөрүп берүү

    2015-жылдын 3-октябры

    (добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда)

    УШК

    Мыйзамдын 33-беренесинин 6-бөлүгү

    10.3

    Добуш берүү күнү

    2015-жылдын 4- октябры  

     

    10.3.1

    Добуш берүүгө даярдануу

    Саат 07.00 дөн 08.00 чейин

    УШК

    Мыйзамдын 31-беренеси

    10.3.2

    Добуш берүүнү өткөрүү

    Саат 08.00 дөн 20.00 чейин

    УШК

    Мыйзамдын 31-беренеси

  • XI.             Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо
  •  

    11.1

    Добуш берүү үчүн көчмө урналардан бюллетендерди алып чыгуу жана аларды АЭУдан өткөрүү

    Добуш берүү аяктагандан кийин

    УШК

     

    11.2

    АЭУнун добуш бергендердин саны жана добуштардын бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө отчетту кагазга басып чыгаруу маалыматтарды борбордук серверге байланыштын корголгон каналдары боюнча өткөрүп берүү

    Добуш берүү аяктагандан кийин

    УШК байкоочулардын катышуусунда

    11.3

    Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтында жайгаштыруу

    УШКлардан маалыматтар алынгандан кийин

    УШК

    БШК

    11.4

    АЭУдан алып чыгарылган бюллетендерди кол менен эсептөө. Маалыматтарды борбордук серверге өткөрүп берүү

    Протоколдор басып чыгарылган жана добуштар эсептелгенден кийин

    УШК байкоочулардын катышуусунда

    11.5

    Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, түшкөн даттанууларды (арыздарды) кароо

    Добуштар эсептелгенден кийин

     

    УШК байкоочулардын, талапкерлердин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда

    Мыйзамдын 35-беренесинин 16-бөлүгү

    11.6

    Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколун түзүү жана кол коюу

    Жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин

    УШК

    Мыйзамдын 35-беренесинин 17-бөлүгү

    11.7

    Шайлоо документациялары менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасын акт боюнча АШКга жеткирүү жана өткөрүп берүү жана шайлоо маалыматтык тутумуна добуш берүүнүн жыйынтыктарын киргизүү

    УШКнын мүчөлөрү кол койгондон кийин токтоосуз

    УШК,

    АШК,

    ИИМ

    Мыйзамдын 36-беренесинин 1-бөлүгү

    11.8

    Ар бир шайлоо участка боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмесин жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу жана участкалык шайлоо комиссияларынын жайларынын алдындагы стенддерге илүү

    Добуш берүү аяктагандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен

    Борбордук шайлоо комиссиясы,

    АШК

    УШК

    Мыйзамдын 35-беренесинин 23-бөлүгү

    11.9

    АШКнын жыйынтыктоочу чогулушун өткөрүү, анда комиссияга түшкөн АШКнын иш аракеттерине жана участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдорун түзүү жана добуштарды эсептөө добуш берүүнү өткөрүү менен байланыштуу арыздарды (даттануларды) бекитилген тартипте кароо

    УШКдан протоколдор алынгандан кийин, тиешелүү аймакта шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлганга чейин

    АШК

    Мыйзамдын 36-беренесинин 2-бөлүгү

     

    11.10

    Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүү. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди тиркөө

    АШКнын жыйынтыктоочу чогулушунан кийин

    АШК

    Мыйзамдын 36-беренесинин 3-бөлүгү

     

    11.11

    Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун жана жыйынды таблицасынын биринчи нускасын сейф пакеттерге мөөрлөнүп бекитилген УШКнын протоколдору менен бирге БШКга жөнөтүү

    АШКнын протоколуна кол коюлгандан кийин токтоосуз

    АШК

    Мыйзамдын 36-беренесинин 4-бөлүгү

     

    11.12

    Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумун өткөрүү анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө түшкөн баардык арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алынат

    АШКнын протоколдору алынгандан кийин

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгү

     

    11.13

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду түзүү

    2015-жылдын 24-октябрынан кечиктирбестен

    (Добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 37-беренесинин 2-бөлүгү

    11.14

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

    2015-жылдын 24-октябрынан кечиктирбестен

    (Добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен)

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгү

    11.15

    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо

    Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки жуманын ичинде

    Борбордук шайлоо комиссиясы

    Мыйзамдын 64-беренесинин 8-бөлүгү

     

    Карап чыгуулар: (1900)