![]() № 78 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 6-апрелиндеги №3 чечимин бекитүү тууралуу |
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан “Кочкор-Ата шаардык кеңешинде бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө” 2016-жылдын 6-апрелинде №3 чечим кабыл алынган. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттыгына “Ата Журт” саясий партиясынан талапкер Дакеев Бактыбек Турдубековичти шайланган депутат деп таануу боюнча 2012-жылдын 15-декабрындагы №152 токтомунун бөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын. 2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын “Кочкор-Ата шаардык кеңешинде бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө” 2016-жылдын 6-апрелиндеги №3 чечими бекитилсин. 3. “Ата Журт” саясий партиясынан талапкер Мусабекова Калдарканды Кочкор-Ата шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын. 4. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы Кочкор-Ата шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп Мусабекова Калдарканды каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин. 5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жана Кочкор-Ата шаардык кеңешине жөнөтүлсүн. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 11- апрели № 78
|
Карап чыгуулар: (1090) |