![]() № 79 Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка жана Орок айыл аймактарынын жана Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын аймагында жаңы шайлоо участкаларды түзүү жөнүндө |
Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ар бир шайлоо участкасында шайлоочулардын санын 2500дөн ашуусуна жол бербөө максатында жаңы шайлоо участкаларын түзүү боюнча Сокулук жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын берген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагында №7405 жана Орок айыл аймагында № 7406, Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарында №5565 (Таштак) жаңы шайлоо участкалары түзүлсүн. 2. Сокулук жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары жаңы түзүлгөн шайлоо участкаларына участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн. 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 6-апрели № 79 |
Карап чыгуулар: (910) |