№ 7 Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин № 6025 шайлоо участкасындагы добушту кайталап эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө |
Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда № 6025 участкасында баштапкы эсептөө менен кайталап эсептөөнүн жыйынтыгы дал келген эмес жана шайлоо документтеринин абалына субъективдүү таасир болгону көрүнүп тургандыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37-беренелерине ылайык ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу № 6025 шайлоо участкасындагы шайлоо документтеринин түп нускаларынын пакети ачылсын жана добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталсын. 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 3. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
2015-жылдын 27-майы № 7
2015-жылдын 27-майында жарыяланды |
Карап чыгуулар: (1534) |