МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 81 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

 

Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча Баткен облусунун  Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын; Жалал-Абад облусунун Аксы жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын; Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын; Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва жана  Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын; Ысык-Көл облусунун Ак-Суу,  Жети-Өгүз, Тоң жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы ПЖ № 59 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 6-апрели

№81

Карап чыгуулар: (974)