МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 83 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү                          Н.А.  Байгазиевдин, Б.Ө.  Касымовдун,  В.А. Молдогазиеванын аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан, А.З. Абдыракмановдун аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын, аймактык шайлоо комиссиясынын курамына резервде турган  М.Б. Кутунаев,                       Ш.Ж. Малгараева, К.Ж.  Малаев киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жана  2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жана резервинен «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Байгазиев Нурлан Ажыбекович, «КСДП» саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Касымов Бактыбек Өмүркулович,   жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Молдогазиева Венера Ашымбековна,  «Кыргызстан куруучулар партиясы»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдыракманов Азамат Замирович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кутунаев Мурат Борсукович,  Малгараева  Шабыркул  Жумашевна,  Малаев Каныбек Жумашевич киргизилсин.

2.Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

 

       ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

 

 

 

Бишкек ш., 2017-жылдын  6  -  апрели

№ 83

Карап чыгуулар: (939)