МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - БШКнын токтомдору
Центральная избирательная комиссия

№ 86 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” 2017-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 74 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда  шайлоону дайындоо жөнүндө” 2017-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 75 Жарлыктарына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 7 348 500 (жети миллион үч жүз кырк сегиз миң беш жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                            Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек шаары, 2017-жылдын  14-апрели

 

№  86

Карап чыгуулар: (785)